• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Манастан» чыгарылган 5 млн. доллар боюнча иште Карыпбеков күбө катары өтүүдө

1 Тогуздун айы 2019 14:55 Бишкек Govori.TV

КАРЫПБЕКОВ КЫЛМЫШ ИШИНДЕ КҮБӨ КАТАРЫ ӨТҮҮДӨ
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан “Манас” аэропортунан 5 миллион АКШ долларын оффшордук компаниялардын көмөгү менен чыгарып кетүү фактысы катталганы ачыкталды.
Ал эми ошол учурда “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп турган Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип бул иште күбө катары өтүп жатканын Govori.TVга билдирди.
Аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жана анын алкагында 30-сентябрь 2019-жылы «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын юридикалык бөлүмүнүн мурунку башчысы камакка алынган.
Кошумчалай кетсек, териштирүүнүн натыйжасында “Манас” аэропортунун жоопкерчиликтүү жетекчилери тарабынан кызмат абалынан пайдаланып, өздөрүнүн туура эмес оюн көздөп кылмыштык сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана 2014-жылы «Топливный центр» аталышындагы “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан, бирок ошол учурда банкрот болгон ЖАКтын 100% акциясын колдонуу туурасында келишим түзүшкөн.


ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН СОТТУК ОТУРУМУ ЖЫЛДЫ
Бүгүн, 1-октябрда Биринчи май райондук сотунда буга чейин үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, отурум 17-октябрга жылдырылды. Жактоочунун айтымында, соттук отурумга 20дан ашык күбө чакырылган, ал эми бүгүн 8 күбө гана суралганга жетишти. Ал эми кийинки отурумда күбөлөрдү суроо улантылат.
Соттук отурумда видео жана сүрөт тартууга тыюу салынып, жабык өткөрүү чечими чыкты. Учурда күбөлөр суралып жатат.Эске салсак, 12-сентябрда болгон соттук отурумда күбөлөр келбей калганына байланыштуу сот иши 1-октябрга калтырылган.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.


КЫТАЙДЫН КӨМӨГҮ МЕНЕН ӨНӨР ЖАЙ СООДА-ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОРУ КУРУЛАТ
1-октябрда Өкмөттүн басма сөз кызматы,маалымдагандай Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кытайдын көмөгү менен өнөр жай соода-логистикалык борбору куруула баштайт. Бул вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.Маалыматка ылайык, аталган долбоор президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейин кол койгон макулдашуусунун жыйынтыгы болуп саналат.
«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай, соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», — деди Замирбек Аскаров.
Өкмөт соода-логистикалык борбордун ачылышы менен Нарында 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн, аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылып, экспорттун көлөмү көбөйөрун белгиледи

Количество просмотров: 186