• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Соңку жаңылыктар: Министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Бетон басып калган жаран куткарылды

20 ноября 2023 в 14:00 Бишкек Govori.TV

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЛАРЫ ИШТЕН АЛЫНДЫ

Экономика жана коммерция министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев (санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары), Чыңгыз Макешов жана Назарбек Малаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон

БЕТОН БАСЫП КАЛГАН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

Талас облусунда бетон басып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрь күнү Талас районунун Жоон-Арык айылындагы эскилиги жетип, колдонуудан чыккан маданият-үйүн бузуу иштерин жүргүзүп жаткан жеринен Б.Ж аттуу 35 жаштагы жаранды курулуш плитасы (бетон) эки бутун жоон сан этинен басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруучулар тартылып, окуя болгон жерге ыкчам түрдө жардам көрсөтүлгөн. Жабыркаган жаран Тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

ТООЛУУ РАЙОНДОРДО КАР КӨЧКҮ ТҮШӨТ

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Количество просмотров: 72