“КАРА ТИЗМЕДЕ” КАНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫК БАР?
2023-жылга карата Россиянын «кара тизмесине» кирген кыргызстандыктардын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан «Мекендештер — 2023» форумунда айтылды.
Учурда тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан мекендештерди «кара тизмеден» чыгаруу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.
АЖЫЛЫК: АЛГАЧКЫ ТӨЛӨМ КАБЫЛ АЛУУ ТОКТОДУ
Келерки жылы ажылык зыяратка барчулардан алгачкы төлөмдү кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрь, саат 09:00гө карата ажылыкка барууну каалаган 6 миң 524 киши 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана 1000 сом кайтарымсыз акча каражатын өлкө аймагындагы «РСК Банк» банкынын филиалдарына төктү.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда ажылыкка каттоо жана банкка баштапкы төлөм төгүү 9-ноябрда башталган
Эске салсак, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.
БИР СУТКАДА 10 ӨРТ КАТТАЛДЫ
Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.