• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Ош-Эркечтам унаа жолу жабылды. 154 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

11 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ОШ-ЭРКЕЧТАМ ЖОЛУ ЖАБЫЛДЫ

Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, катуу бороондон улам жолдо кар күрткүсү пайда болгон.

«Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө. Бороон басылаар менен жолдогу абал калыбына келтирип, бардык тарапка каттам берилет. Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда карды тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок», — деп айтылат маалыматта.

ЖЕР ТИЛКЕСИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Москва районунда 154 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана ААКнын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

СЕЛ ЖҮРҮҮ КОРКУНУЧУ БАР

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, чукул билдирүү таратты. 10-12-апрель күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Ашуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 52