• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Парламентте өкмөттү отставкага кетирүү маселеси көтөрүлө баштады

13 Жетинин айы 2019 14:40 Бишкек Govori.TV

Өкмөт парламетке чакыртылды
Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити жана анын тегерегендеги окуялар боюнча өкмөттүн маалымат беришин талап кылды. Ал парламент жыйынында өлкөдө кылмыштуулук күчөп баратканын белгиледи.

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында кылмыштуулук, коопсуздук маселелери боюнча өкмөттүн маалыматын угуу маселесин башка да депутаттар көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында мыйзам кабыл алынганын белгилеп: «Күрөш токтодубу, көмүлдүбү?» деп суроо койду.

Өкмөт бүгүн түштөн кийин учурдагы кырдаал боюнча маалымат бермей болду.

Төрөбаев Өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып, коалицияга кайрылды. Анын айтымында, электр энергиясына, жасалма паспортторго, бюджеттин толбой жатышына байланыштуу өлкөдө маселе абдан көп. Аймактарда шахталардагы өлүмдөр, жасалма паспорттор чыгып жатат, көмүрдүн баасы өсүүдө, электр энергиянын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат жоопкерчилик кайда? Ошон үчүн коалиция чогулуп Өкмөттүн отставкага кетиргиле, же өзүңөр кеткиле, башка коалиция куралы, — деп билдирди депутат Бакыт Төрөбаев.


«Дордойдо» эки тажик бычакташты
«Дордой» базарынын бир бөлүгү болгон «Кербен» рыногунда Тажикстандын эки жараны бычакташа кетип, бири көз жумганын Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрь күнү саат 9:25терде болгон. Акча маселесинен улам И.И. жана Х.А. аттуу эки адамдын ортосунда уруш чыгып, бири экинчисинин төш жагына бычак урган. Алган жаракатынан 30 жаштагы тажикстандык ошол жерден каза тапкан. Факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин («Адам өлтүрүү») негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Шектүү кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат билдирүүдө. Милиция ушу тапта тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 1176