• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан менен Германия кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

11 Чын куран 202613:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Германия кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын депутаты, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Гунтер Крихбаум менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланып, эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашылды.

Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германия менен өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал өлкөдө акыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, коомдук-саясий турмушка аялдардын катышуусун кеңейтүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин айтты. Ошондой эле Жогорку Кеңеште Германия менен кызматташуу боюнча достук депутаттык тобу түзүлгөнүн билдирди.

«Мурунку келишимдерди ишке ашырып, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн парламенттер аралык диалогду тереңдетүү зарыл. Бул багытта достук топтор жана профильдик комитеттер тыгыз иштеши керек», — деди ал.

Ошондой эле жолугушууда миграция маселелери жана бул багыттагы биргелешкен иштерди улантуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өз кезегинде Гунтер Крихбаум Кыргызстанга болгон сапары ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Ал «Борбор Азия + Германия» форматындагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө да басым жасады.

Мындан тышкары, Германия тарап Жогорку Кеңеш менен кызматташууну тереңдетүү приоритеттүү багыт экенин белгиледи. Крихбаум Марлен Маматалиевдин Германияга боло турган сапары эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө түрткү берерине ишеним билдирди.

Жолугушууда ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да каралды.

Количество просмотров: 104