• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пенсия жогорулай турганы айтылды. Президенттик балаты өттү

22 Бештин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫ ӨТТҮ

Бүгүн президент Садыр Жапаров Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган жаңы жылдык балаты майрамына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала чакырылган, алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана башкалар бар.

ПЕНСИЯ ЖОГОРУЛАЙТ

Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда.

“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, — деп кошумчалады ал.

СОТ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ УНААЛАР БЕРИЛДИ

Жогорку соттун алдындагы Сот департаментине 47 автоунааны тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3,5 млрд сом болгон.

Количество просмотров: 833