МАНДАТЫНАН АЖЫРАТЫЛГАН БАКИРОВ СУРАК БЕРДИ
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыкты.
Жактоочусунун айтымында Бакиров 2020-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак бергенин жана коюлган айыптар менен макул эмес.
Милиция бул боюнча комментарий бере элек.
Эске салсак, БШК 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 30-августта саат 07:10до катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
РОНАЛДИНЬО КЫРГЫЗСТАНГА ЭМНЕ ҮЧҮН КЕЛГЕН ЖОК?
«Барселона» клубунун Кыргызстандагы академиясынын президенти Айбек Алыбаев Роналдиньо Кыргызстанга келбей турганынын себебин түшүндүрдү.
Ал буга чейин Роналдиньо түз байланышка чыгып, клуб менен келишим түзүлгөнүн билдирди. Ал эл аралык басылмалардан Роналдиньону үйүнөн күч түзүмдөрү кармап, паспортун алып коюшнанын укканын айтып, азыр ал байланышка такыр чыкпай жатканын кошумчалады.
Алыбаев башка «Барсанын» легендалары да чоң майрам тартуулап жатканын айтып, Роналдиньонун келбей калышына эч кимдин күнөөсү жок деп эсептейт.
Эске салсак, 30-августта Бишкектин Д. Өмүрзаков стадионунда Барселонанын легендалары менен президент Садыр Жапаров коштогон Азиянын ардагерлери футбол ойнойт.