• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти. Имараттардын фасаддары жаңыланууда

3 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ШАУРМАГА УУЛАНГАНДАРДЫН САНЫ ӨСТҮ

Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 71 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылган, алардын бешөө 10 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Эске салсак, 1-октябрда Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган. Уулангандар шаурма жегени белгилүү болгон. Буга байланыштуу тез тамактануучу жайларга 72 миң сом айып салынып, убактылуу жабылган. Кечээ тез тамактануучу жайлардан уулангандардын саны 43 болчу.

ЖЕР ТИТИРЕДИ

Коңшу өлкөдө катталган жер титирөө Кыргызстандын аймагында 3 баллга чейин сезилди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-октябрь күнү саат 20:03 чамасында Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибээ, Кулчу, Жар-Башы, Карамык, Кара-Тейит, Дароот-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ИМАРАТТАРДЫН ФАСАДДАРЫ ЖАҢЫЛАНУУДА

Бишкекте имараттардын фасаддары жаңылоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Абдрахманов көчөсүндөгү №135, 129 үйлөрдүн фасадын сырдоо иштери аяктады, ал эми Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйдүн жана Абдрахманов көчөсүндөгү №119 үйдүн фасадын жаңылоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин акимчиликтин кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, мэриянын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы МАБ менен биргеликте чарбалык субъектилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошондой эле эскиздик долбоорлорун таратышкан.

Количество просмотров: 109