• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өспүрүм кыз унаасы менен кырсыкка кабылды. Ошто жер титиреди

14 Жалган куран 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

УЛУТТУК БАНК ДОЛЛАР САТТЫ
Кыргызстандын Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 млн АКШ долларын саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан.

ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ
Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-март күнү саат 03:01де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Эркештам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ӨСПҮРҮМ КЫЗ БАШКАРГАН УНАА КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ
Чүйдө 16 жаштагы кыз Хонда-СРВ унаасы менен кырсыкка кабылып, унаадагы 1 адам каза болду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 11-март күнү саат 16:30 чамасында катталган. 2006-жылы туулган кыз Бишкек — Ала-Арча жолунун 13,500-чакырымында бара жатып рулга ээ боло албай, унаа тоголонуп кеткен. Кызда айдоочулук күбөлүк болгон эмес.
Кырсыктын кесепетинен 2006-жылы туулган бир жаран окуя болгон жерде көз жумуп, дагы төртөө жабыркаган.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, кыз атасынын унаасын сурабай айдап кеткен. Каза болгон 16 жаштагы өспүрүм айдоочунун классташы болгон.

Количество просмотров: 1064