ТӨӨ-АШУУДАГЫ ТУННЕЛДЕ ЧЕКТӨӨЛӨР АЛЫНАТ
Бүгүн, 2-августта саат 16:00дө Төө-Ашуу ашуусундагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми туннелдин фасадын көрктөндүрүү иштери башталат, ал учурда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги туннелди оңдоо иштери 6-августка чейин созула турганын, бирок иштер мөөнөтүнөн мурда аяктаганын маалымдаган.
СУТКА ИЧИНДЕ 27 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ
Сутка ичинде республиканын аймагында 27 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 8, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 2, өрт кырсыгы катталган.
Кошумчалангандай, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.
ӨСПҮРҮМДӨРДҮ КУТКАРГАН ЖАРАН СЫЙЛАНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде ушул жылдын май айында сууга чөгүп бара жаткан 2 өспөрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого «Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн» медалы тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, 2023-жылдын 22-май күнү ал Чоң Чүй каналына чөгүп бара жаткан 10-11 жаштардагы эки өспүрүмдү куткарып калган.
Ал эми ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган өмүр сакчысына ыраазычылык билдиришип, ийгиликтерди каалашты.