КИРОВ СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ АБАЛ
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен Киров суу сактагычына суунун аз көлөмдө агып келип жаткандыгын билдиришти.
«Талас дарыясынын бассейнинде суу аз болгондуктан быйыл Киров суу сактагычында суунун көлөмү кескин азайган. Өткөн жылы суу сактагычка агып келген суунун көлөмү секундасына 13,7 метр кубга жетсе, бүгүнкү күндө 0,7 метр кубду гана түзүүдө”, — деп белгилешти министрликтен.
СОЦМЕКЕМЕЛЕРГЕ КӨМҮР ТАРТЫЛА БАШТАЙТ
1-сентябрдан тарта «Кара-Кече» көмүр кенинен социалдык мекемелерге көмүр тартуу иштери башталат. Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалы тарабынан көмүр отунун казып, даярдоо иштери жүрүп жатат.
Президентинин облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров көмүр казуунун абалын көрдү. Ал «Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Ашырбаев менен жеринде сүйлөшүп, шарты катаал Нарын облусун көмүр отуну менен биринчи камсыздап берүү, көмүр тарткан автоунааларды карьерге жумасына эки ирет кезексиз киргизүү жана башка өтүнүчтөрүн айтты.
СПОРТЧУЛАР АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНАН 18 МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ
Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 18 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 21-28-август күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага 7 мамлекеттен келген 970тен ашык спортчу катышты. Кыргызстандын капчыгы 6 алтын, 3 күмүш, 9 коло медаль менен толукталып, курама команда жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Сыргак Айталиев жана машыктыруучу Диьшат Даутовдун жетекчилиги алдында катышты.