БАТКЕНДЕ ЖЕР ТИТИРЕДИ
Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-июнда саат 07:51де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
УНАА МЕНЕН МАРШРУТКА СҮЗҮШТҮ
Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бүгүн BMW X5 жана эл ташыган Mercedes үлгүсүндөгү №131 маршрутка сүзүшкөн.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат. Белгилүү болгондой, маршруткада жүргүнчүлөр болгон эмес.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.
ЭНЕ-БАЛАНЫ КОРГОО БОРБОРУНДАГЫ ТӨРӨТ ҮЙҮ ИШТЕБЕЙТ
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы Перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу 2023-жылдын 6-августуна чейин жабылат.
«Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт», — деп айтылат маалыматта.