• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жанылыктар: Мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган. Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда таш кулады

23 Үчтүн айы 2024 14:00 Бишкек Govori.TV

БИШКЕК-НАРЫН ЖОЛУНДА ТАШТАР КУЛАДЫ

Жер титирөөдөн улам Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 410-чакырымында тоо боорунан топурак, таштар кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жолчулар унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды колдун күчү жана атайын техниканын жардамы тазалап, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кыргыз-кытай чек арасында 23-январга караган түнү жана эртең менен 6 жолу жер силкинген.

МЫЙЗАМСЫЗ КУРУЛУШТАР КӨЗӨМӨЛДӨНӨТ

Республиканын аймагындагы бардык мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар көзөмөлгө алынган, деп билдирет Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

Мамагенттиктин билдирүүсүнө караганда, бардык курулуштар боюнча маалымат Мамкурулуштун расмий сайтында жарыяланган жана ар бир жаранга жеткиликтүү.

Бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан бардык мыйзамдуу курулуштар агенттиктин курулуштар реестрине киргизилген. Ал эми мыйзамсыз жол менен салынып жаткан курулуш Мамкурулуш агенттиги тарабынан аныкталып, ар бири боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

10 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ош, Чүй, Ысык-Көл облустарында үчтөн, Жалал-Абад облусунда бир өрт кырсыгы катталды.

Өрттү өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылды.

Количество просмотров: 91