Бүгүн, 2-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунда таңкы саат 04:30 чамасында газ баллондору жүктөлгөн жүк ташуучу унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө бүгүн, 2-февралда “Вольво 420” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газовый баллондор жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан «Жигитос» кафесине өткөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.