• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Сокулукта темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыкты

13 Жетинин айы 202417:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ьилдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 13:20дан тарта эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 15:35те толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 95