• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соода-өнөр жай палатасынын ролу талкууланды

11 Жалган куран 2021 17:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-мартта  Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында «Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү Соода-өнөр жай палатасынын ролу» аталышындагы тегерек стол өттү.

Ага Соода-өнөр жай палатасынын, илимий-изилдөө институттарынын жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын алдындагы мамлекеттик изилдөө жана өнүгүү институтунун башчысы Улукман Мамытов төмөндөгүлөргө токтолду.

«Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы студенттерге билим берүүдөн тышкары илимий изилдөөлөрдү дагы жүргүзөт. Ассоциация, бизнес чөйрөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстанда Соода- өнөр жай палатасынын ролу жана кандай иш алып барышы керектигин талкуулайт. Талкуунун натыйжасында анализ жүргүзүп, өкмөткө сунуш беребиз»,-деди Мамытов.

Жыйында Япония, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн Соода-өнөр жай палаталарынын тажрыйбалары тууралуу презентация жасалды.

Кошумчалай кетсек, Соода-өнөр жай палатасы — ишкерлердин башын бириктирген көз карандысыз жана маанилүү уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат.

Количество просмотров: 67