• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына үч адамдын талапкерлиги жактырылды

16 Бештин айы 202210:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президиуму 15-декабрда палатанын төрагалыгына талапкерлигин койгон тогуз кишинен ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин жактырды.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:

  • Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев;
  • “INTEGRA Engineering Group” ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов;
  • “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев.

Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси 19-декабрда шайланат. Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 1253