• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн биримдикте коргойлу! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

19 Аяк оона 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын кол салуусунан улам каза болгон жарандарды эскерип, кайрылуу жазды.


«Кымбаттуу калайык-журт!
Бүгүн Кыргызстаныбызды коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, аза күтүүдөбүз.
Мамлекетибиздин чебин коргогон мекен сакчыларыбыздын баатырдыгына таазим этебиз! Жоокерлерибиз, Баткен облусунун тургундары курман болушту. Ар бири үчүн жүрөк сыздап, кайгы-муңга батып турабыз. Баатырларыбыздын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат.
Курман болгон жарандарыбыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм, баарыбызга сабыр тилейм. Маркумдардын жаны Бейиште болсун! Жараткан өзү жар болуп, жарадар мекендештерибиз тезирээк сакайып кетишсин!
Ушул оор күндөрү Мекенибиздин Туусунун алдында бир муштум болуп түйүлүп, ынтымак, сабырдуулук менен ар бирибиз колубуздан келген жардамды бердик. Өлкө жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын кырдаалды турукташтыруу ишин мындан ары да колдоп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн биримдикте коргойлу! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!
Жараткан Кудай Кыргызстаныбызды колдосун!»

Эске салсак, бүгүн 19-сентябрь Тажикстандын кол салуусунан каза болгондордун урматына, Кыргызстанда аза күтүү күнү деп белгиленген.

Количество просмотров: 562