• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат

22 Баш оона 2018 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2018. Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сапар менен Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Мамлекеттик визит эртең, 23-августта болот.
Анын айтымында, мамлекеттик визит Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун чакыруусу менен болууда.
“Сапардын алкагында мамлекет башчысы Жээнбеков менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун тар жана кенен форматтагы жолугушуусу болот. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечектеги пландар талкууланат. Биз эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн алакасына чоң маани беребиз», — деп билдирди Сыдыков.
Андан тышкары бир катар документтерге кол коюлат деп күтүлүүдө
Количество просмотров: 33