• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Мирзиёев ушул жумада Түркмөнстанга барат

17 Тогуздун айы 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-21-октябрда Түркмөнстанга барат. Бул тууралуу 16-октябрда түркмөн президентинин катышуусунда өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов Өзбекстан президентинин Түркмөнстанга сапарына көрүлүп жаткан даярдык тууралуу маалымат берди.

Мередовдун айтымында, сапар учурунда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өзбек президентинин расмий сапарына жогорку деңгээлде даярдык көрүүнү тапшырды.

Количество просмотров: 109