Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постторундагы чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында жалпы көлөмү 180 миң куб метр кар көчкү түшүп, анын ичинен унаа жолго 14 миң 400 куб метр кар көчкү түшүп, саат 19:50дө толук тазаланып, ачылды.
«Жайыл районунун «Сосновка» жана Токтогул районунун «Арал» постунда саат 20:00дөн тартып жеңил унааларга киргизилген чектөө алынды», – деп айтылат маалыматта.