«Сосновка» стационардык постунда техникалык талаптарга жооп бербеген өз алдынча орнотулган LED (жарык диоддуу) фараларды аныктоо үчүн атайын жабдуу орнотулду. Бул тууралуу 9-апрелде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, түнкү убакта кырсыктардын санын азайтууга жана каршы келе жаткан унаалардын айдоочуларын чагылдырып (көзүн уялтып) жиберүүнү алдын алууга багытталган.
Ошондой эле мындай атайын жабдууларды колдонуу менен жүргүзүлгөн иш-чаралар этап-этабы менен республиканын бардык аймактарында киргизилери белгиленди.