• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Сосновка постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

13 Жетинин айы 202417:54 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка постунда саат 16:45тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Учурда Бишкек-Ош унаа жолунда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаажолунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип, аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери инерттик материалдарды чачып жатышат.

Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алуу, сөзсүз тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүү зарыл экендигин жана унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин белгилейт.

Количество просмотров: 83