• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сосновка жана Арал өткөрмө бекеттеринде убактылуу чектөө кирди

7 Үчтүн айы 202522:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгынын болтурбоо максатында, Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка өткөрмө бекетинде саат 19:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Мындан сырткары Токтогул районунун Арал өткөрмө бекетинде саат 19:45де оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Унаа жолдогу абал боюнча жана кырсык болгон учурда 112 номерине чалуу эскертилди.

Количество просмотров: 250