• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Сосновкада оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө кирди

9 Жетинин айы 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жасалма тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырым аралыгына (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди.

«Буга байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 155