• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашуулардагы абал кандай?

27 Бирдин айы 20259:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн ɵлкө аймагындагы стратегиялык унаа жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам бар. Ошондой эле Арал постуна киргизилген убактылуу чектɵɵ алынды.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда каттам бар, жол ачык.

Жолчулар тарабынан тынымсыз инерттик материалдарды себүү, жолго түшкөн кар күрткүлөрүнөн тазалоо, жол жээгин кеңейтү иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Количество просмотров: 140