• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды

4 Жалган куран 20259:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда бүгүн таңкы саат 7де жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.

Транспорт министрлиги билдиргендей, чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.

Учурда №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдогу карды тазалап, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштерин аткарышууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 154