• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сот Бейшеналиев иштен алгандарды кайра кызматка кайтаруу чечимин чыгарды

18 Баш оона 2022 12:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Биринчи май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда иштен алган кызматкерлердин арызын канааттандырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган министрликте бөлүм башчы болуп иштеген Айнура Акматованы, Гүльмира Ибраеваны жана Азамат Жумакеевди кайра кызматына коюу, иштен алынган учурдан берки айлыктарын төлөп берүү тууралуу чечими чыкты.

Ушул жылдын май айында саламаттык сактоо министринин орун басарлары, бөлүмдөрдүн жетекчилери Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышкан.

Ошол маалда Германияда жүргөн Бейшеналиев Кыргызстанга келгенде бул кайрылууга кол койгон айрым кызматкерлерди иштен алган. Кызматтан кетирилгендер болсо сотко даттанышкан.

Бейшеналиев өзү 2-июнда «коррупцияга» айыпталып камакка алынып, 16-июнда кайра үй камагына чыккан. Башкы прокуратура Бейшеналиевге жалпысынан жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.

Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров 16-августта вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлаган.

Количество просмотров: 618