• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сот Екатерина Биволду 60 саат коомдук иштерди аткарууга милдеттендирди

29 Үчтүн айы 202620:38 Бишкек Govori.TV

Сот белгилүү мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволду кыргыздар менен казактарды кемсинткени үчүн 60 саат коомдук иштерди аткаруу жазасын чегерди.

Лингвистикалык экспертиза анын билдирүүлөрүндө улуту, тили жана теги боюнча тектеш адамдардын тобуна, тактап айтканда, кыргыздар менен казактарга карата терс баа берилгенин аныктаган.

Ал Кыргызстанда улуттар аралык кастыкты козутууга айыпталып, издөө жарыялганган.

Количество просмотров: 202