Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевди камакта калтырды.
Маалыматка караганда, Бакчиев 23-февралга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев 2023-жылдын 15-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камакка алынган.
Экс-депутат Кылмыш-жаза кодексинин «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айыпталууда. Бакчиев «Бир бол» фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаты болгон.