• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кемпир-Абад иши: Милиция кызматкерлери активисттин колундагы плакаттарын алып коюшту

26 Кулжа 2023 14:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-июнда Биринчи май райондук сотундагы Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу уланууда.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров милиция кызматкерлери колундагы плакаттарын алып коюштканын айтты.

«Бүгүн Кемпир -Абад иши боюнча кармалгандардын сот отурумуна келгем. Кире бериштен милиция кызматкерлери жазууларды алып коюшту. Болбосо сот имаратына киргизбейбиз дешти. Ошол себептүү «боштондук» деп колума жазып алдым»,-дейт активист.

23-июнда сот укук коргоочу Рита Карасартова менен активист Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши жакында гана сотко өттү.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта жатат.

Количество просмотров: 110