Блогер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эртай Искаков Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 17-июлда Сокулук райондук соту чыгарды.
Сот чечимине ылайык, Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.
Милиция 15-июлда суу маселесине байланыштуу нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга «жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган» деген берене менен иш козголгон.