• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Канышай Мамыркулованын батирин камакка койду

18 Чын куран 202511:11 Бишкек Govori.TV

17-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын Бишкектеги батирин камакка койду.

Эске салсак, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып коюлган.

Количество просмотров: 448