Бүгүн, 13-февралда Бишкек шаардык сотунда журналист Канышай Мамыркулованын апелляциялык арызы боюнча соттук отурум уланып, сот жараяны чыкты. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова соцтармак баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, шаардык сот журналист Мамыркулованы Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен актап, “Массалык баш аламандыктар” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот муну менен аны алты жылга кесип, үч жылдык пробация жазасын чегерди.
Эске салсак, өткөн жылдын 3-июлда Октябрь райондук соту журналистти күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жылдык пробация жазасын чегерген. Үч жарым ай тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулган.
Анын адвокаттары райондук соттун өкүмүнө каршы шаардык сотко арыз берген.