• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Сот коррупциялык схема уюштурган деп кармалган Нуралиевди актады

13 Теке 2023 18:17 Бишкек Govori.TV

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевге карата сот өкүмү чыкты.

Биринчи май райондук соту өткөн жылдын декабрь айында кылмыштын курамы жок болгондуктан Нуралиевди актоо чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку сот бул ишти 30-майда карап, райондук жана шаардык соттун чечимин өзгөрткөн эмес.

Эске салсак, Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиевди УКМК 2021- жылдын август айында кармаган. Ал «абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган» деп айыпталган.

Нуралиевдин иш бөлмөсүндө ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анда 3500 доллар, 59 миң сом, уюлдук телефондор жана чакан калибрдүү куралдын октору алынган.

Жашаган жеринен ТТ үлгүсүндөгү тапанча жана жылмакай ок атуучу куралдар, ошондой эле, түзөтүү мекемелеринде соттолгондор жасаган нарда, сандык, бычак, кылыч, стол, отургуч түрүндөгү ар кандай буюмдар табылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 78