Бишкектин административдик соту шаардык мэрияга Чүй 108 дарегинде жайгашкан жер тилкесин башкага берүүгө жана жерге ээлик кылуу укугун каттоого тыюу салды.
Мындан тышкары Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалына аталган даректеги кыймылсыз мүлк боюнча укукту каттоого тыюу салды.
Сүрөтчүлөр үйү жайгашкан жер тилкесин Бишкек мэриясы мамлекетке өткөрүп берүүнү көздөп жатканын белгилеген чыгармачыл жамаат 23-мартта мэрияны сотко берген. Алар жерин тарттыргандан кийин Сүрөтчүлөр үйү бузулушу мүмкүн деп чочулап жатканын айтышкан.
Сүрөтчүлөр үйү 2002-жылы өкмөттүн №568 токтому менен Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.
Булак: Азаттык.