• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сот «Унаанын» мурдагы директору Рустам Жокоевди үй камагына чыгарды

9 Кулжа 202512:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору (“Унаа” мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоевдин бөгөт чарасын карап, 9-июлга чейин үй камагына чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Рустам Жокоев менен бир нече кызматкерди былтыр 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган. Кийин сот аны тергөө аяктаганга чейин камакка алып, мөөнөт узартылып келген.

Количество просмотров: 114