Добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократ” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды, — деп айтылат милиция маалыматында.
Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгондугун милиция өз маалыматы менен бышыктады.
Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-демократ” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.
Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.
Буга чейин аталган партиянын лидери Темирлан Султанбековдун 16 сааттан бери дайыны чыкпай жатканын партиянын мүчөсү Кадыр Атамбаев маалымдаган. Ага чейин кечээ күнү Темирлан Султанбеков жана Кадыр Атамбаев экөө милицияга сурак берип чыгышса, таңында Т. Султанбековдун атасы менен өзүн кайра суракка алып кетишкен. Атасы сурактан чыгып, баласы ошондон бери дайынсыз болуп жаткан.