• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Социал-демократтар партиясынын штабында тинтүү жүрүүдө

13 Жетинин айы 202421:05 Бишкек Govori.TV

Социал-демократтар партиясынын штабына күч органдары келип, тинтүү иштерин жүргүзүүдө.

Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев фейсбук баракчасы аркылуу түз эфир өткөрдү. Видеодо партиянын штабына милициянын жана спецназдын кызматкерлери келгенин көрүүгө болот. Келгендердин айрымдары беткап кийип, кайсы кызматтан экенин тааныштырышкан жок, дейт Атамбаев видеодо.

Түз эфир спецназдын жоокерлеринин бири Атамбаевдин телефонун тартып алгандан кийин үзгүлтүккө учураган, деп айтылууда.

Эмне себептен тинтүү жүргүзүлүп жаткандыгы белгисиз.

Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети окуя боюнча комментарий бере элек

Количество просмотров: 140