Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты добуш сатып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн кыргыз сегментинин социалдык тармактарында Социал-демократтар партиясынын И.К. аттуу штаб башчысы Д.Ч. аттуу адам менен сүйлөшүп жаткан аудиожазуусу пайда болгон. Анда алар үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууну талкуулашкан.
Аталган факты боюнча Бишкек ШИИББнин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда, кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.
13-ноябрда “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партияны шаардык кеңешке баштап бараткан Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү.