Кыргызстанда социалдык контракттын көлөмүн көбөйтүүнү пландалууда. Эмгек, социалдык камсыздоо министрлигинен билдиришкендей, “Социалдык контракт” олуттуу долбоорлордун бири. Анын алкагында 100 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшыртылды.
Долбоордун 2025-жылдагы кийинки этабында социалдык жардамды 150 миң сомго көбөйтүү каралган.
«Министрлик жарандарды колдоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу боюнча маанилүү максаттарды коюп жатат. Биз үй-бүлөлөрдү, оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды, ошондой эле эмгек мигранттарына жардам көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду активдүү иштеп жатабыз», — деп билдирген министр Равшанбек Сабиров.