• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстанда 78 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө бар

23 Аяк оона 202411:15 Бишкек Govori.TV

«Кыргызстанда 78 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө жашайт», — деп билдирди Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев 23-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

Анын айтымында, быйылкы жылы 20 миң үй-бүлө менен социалдык келишим түзүү пландалып, анын ичинен 16 миң 770 үй-бүлө менен келишим түзүлгөн. Социалдык келишимдин көлөмү 100 миң сомду түзөт.

Депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына социалдык чөйрөдөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кароодо. Эмгек министрлиги “социалдык контракттын” катышуучуларына үч жыл бою мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөбөй турууну сунуштоодо. Бирок алар социалдык келишим түзүлгөндөн кийин үч ай бою жөлөк пул ала беришет.

Депутат Айбек Маткеримов буга чейин канча адам «социалдык контрактка» макул болгонун жана алардын канчасы ишке ашпай жатканын сурады.

Эмгек министрлигинин бөлүм башчысы Наргиза Туркебекова 2022-2023-жылдары 12,8 миң үй-бүлө бизнесин өнүктүрүү үчүн 100 миң сомдон алганын айтты. Мониторингдин жыйынтыгында 80 үй-бүлө ар кандай форс мажордук жагдайлардан улам алган каражатын иштете албай калган. Анын ичинде каза болгондор, бизнес-планын ишке ашыра албагандар бар.

«Алар бюджетке каражатты кайтарып беришти. Алар мамлекеттик жөлөк пулдарды алуу укугуна ээ болушту», — деди ал.

Количество просмотров: 93