• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Соцтармак окуучулардын видео сабагында кримтөбөлдүн көрсөтүлүшүн талкууга алды

25 Аяк оона 202020:07 Бишкек Govori.TV

Facebook социалдык тармагында Кыргызстандын белгилүү адамдары тууралуу видео сабактын тартылган сүрөттөрү тарап жатат. Коомчулук ал сабактарда белгилүү инсандардын катарына 2006-жылы өлтүрүлгөн кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин да кирип калганын талкууга алышууда.

Бирок, бул сабак качан жана кайсы сабакта көрсөтүлгөнү такталган эмес. Ал эми видео 6 жыл мурун YouTube каналына жүктөлгөн.

Соцтармактагы колдонуучулар Кыргызстандын чыгаан инсандарынын катарына кримтөбөлдүн кошулуп калуусуна нааразы пикирлерин айтышууда.

Количество просмотров: 260