Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан соттолгон жарандын түзөтүү абагынан качуусуна бөгөт коюлду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, соттолгон адам качып кетүү максатында тосмодон өтүүгө үлгүргөн. Ал конвой менен коштоп жүрүү милдеттерин аткарган департаменттин аскер кызматкеринин бир нече эскертүү огунан кийин кармалган.
Бул факты боюнча ЖАКтын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.