Жалал-Абадда өспүрүм кызды ур-токмокко алып, чач-кашын кырып салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына Ош облусунун 1988-жылы туулган М.К.аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда, 2026-жылдын 8-январдан 9-январга караган түнү 23:30 чамасынан танкы саат 04:00 гө чейин 2009-жылы туулган Р.М. аттуу кызын Тазагул, Жумагул жана Азат аттуу балдар эч бир себепсиз ур-токмокко алышып, кашын, чачын кырып кыйнагандыгын билдирип, мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган.
Натыйжада 2009-жылы туулгун Р.М. аттуу жаран денесинен алган жаракаттарынан улам, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап,кыйноо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде, кылмышка шектүү катарында 1988-жылы туулган Базар-Коргон районунун Т.Н. (Тазагул) жана 2006-жылы туулган Сузак районунун Н.А. (Азат) аттуу тургундары кармалып, Манас шаардык соту тарабынан 1 айга камакка алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1988-жылы туулган Т.Н. (Тазагул) аттуу аял, буга чейин бейбаштык, алдамчылык фактылары менен соттолгондугу маалым болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.