• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Спорт мектептин мугалими окуучуларын сабадыбы?

1 Тогуздун айы 20249:56 Бишкек Govori.TV


Бишкектеги Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинин студенттеринин ата-энелеринин WhatsApp тайпасына машыктыруучу балдарды сабаганы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу Свердлов РИИБнен билдирди.

Окуу жайга Свердлов РИИБнин ыкчам тергөө тобу келген. Окуучуларды сабады делген машыктыруучу аныкталган. Ал 41 жаштагы Б.А. аттуу адам болгон. Анын айтымында, колледждин үчүнчү кабатында 9-класстын окуучулары уруша кетишкен. Муну уккан ал чырдын алдын алып, алар менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзгөн. Машыктыруучу кошумча иликтөө үчүн милицияга жеткирилди.

Милицияга окуучулардын ата-энелеринин эч кимиси арыз менен кайрылбаганы белгилүү болду.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 119