Бишкекте Sprinter унаасынын айдоочусу 2-класстын окуучусун коюп кетти
Маалым болгондой, кечээ, 20-январда №54 мектептин жанынан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жаткан 1991-жылы туулган Д.А., 2016-жылы туулган 2-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Кыз ооруканага жетпей каза болгон.
Унаа айып короого токтотулганы айтылды. Бул окуя боюнча тергөө иштери уланууда.