• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Спутник V» вакцинасын кимдер алат? Министрдин жообу

26 Чын куран 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министрдин айтымында, вакцинанын биринчи партиясы 10 миң адамга эсептелген. Эмдөө бекер жүргүзүлмөкчү.

«Май айында 400 миң доза AstraZeneca вакцинасы келет. Биринчи келген Кытайдын Синофарм вакцинасы 55 өлкөдө колдонула баштаган. Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. «Биринчи этабындда 10 миң адам эмделет. Алар 65 жаштан өйдө жана өнөкөт оорулары бар жарандар. Жакында дагы 100 миң доза келет. Биринчилерден болуп, аткаминерлер өздөрү алат экен» деген маалымат чындыкка дал келбейт»,-деди министр.

Количество просмотров: 188