• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Стамбулда шаар мэрине чыккан сот өкүмүнө каршы нааразылык акциясы өтүүдө

16 Бештин айы 202216:40 Бишкек Govori.TV

Стамбулдун миңдеген тургундары экинчи күн катары менен шаар мэри Экрем Имамоглуну колдоп нааразылык акциясына чыгышты. 14-декабрда сот аны шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн кемсинткени үчүн эки жыл жети айга эркинен ажыратып, саясий ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу өкүмүн чыгарган.

Сот Имамоглунун 2019-жылы айткан сөздөрүн «бийлик өкүлүн кемсинтүү» деп тапкан. Анда ал бийлик партиясынын талапкерин утуп, Стамбул шаарынын мэри кызматына шайланган. Бирок шайлоо комиссиясы бурмалоолор болгонун билдирип, ал шайлоону жараксыз деп тапкан. Имамоглу кийинки дайындалган шайлоодо да жеңишке жетип, буга чейинки добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн «акмактар» деп атаган.

Имамоглу Түркияда 2023-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Эрдогандын потенциалдуу атаандашы катары каралып келет. Эгер соттун чечими күчүнө кирсе, саясатчы Стамбул шаарынын мэри кызматынан четтетилип, анын президенттик шайлоого катышуусуна тыюу салынат.

Имамоглуга чыккан айыптоо өкүмү акыркы чечим эмес, аны апелляциялык инстанциялар бекитиши керек. Саясатчы Стамбул сотунун өкүмү боюнча Түркиянын Конституциялык сотуна даттанса болот.

Количество просмотров: 162